Кейип

Википедия дан

Кейип, Кейип-Бадаңтопоним. Каныкейдин атасы Атемир кандын шаары (Сагымбай Орозбаков, 2. 351, 366, 369, 384, 391, 395). Манастын Каныкейге үйлөнүшүндө эскерилет. Мисалы, келин алып келгени жөнөгөн кудалардын сүрөттөлүшүндө төмөнкүчө берилет:

Көпчүлүктүн баарысы

Көчкөн көчтөй калкылдап

Асты-артына көз жетпей

Бара жатыр закымдап,

Кейип шаар кайда деп

Жеттикпи деп жакындап (Сагымбай Орозбаков, 2. 391).

Башка варианттарда Каныкейдин атасынын шаары Букар деп берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Букарга жакын турган шаар катары сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4