Кейнс Жон Мейнард

Wikipedia дан

Кейнс Жон Мейнард (5. 6.1883, Кембриж – 21.4. 1946, Суусекс графтыгы, Ферл) – англиялык экономист, мамлекеттик ишмер жана публицист, 20-кылымдагы экономикалык ой жүгүртүүнүн маанилүү агымдарынын биринин негиз салуучусу. Кембридждеги Королдук колледжде (1902–06) окуган. 1920-жылдан Кембридж университетинин профессор «Индекс методдору» аттуу алгачкы экономикалык эмгеги үчүн 1909-жылы А. Смит атындагы сыйлыктын алган. 1930-жылы комитетин акча жүгүртүү теориясы боюнча өз лекциясынан турган «Акча жөнүндө трактат, 1936-жылы «Жумуштуулуктун, проценттин жана акчанын жалпы теориясы» аттуу эмгектери жарыяланган. Кейнс Жон улуттук киреше, керектөө, сактам жана инвестиция сыяктуу агрегатталган көрсөткүчтөргө көңүл бурган жана экономикалык активдүүлүк деңгээлинин калыптануусун түшүндүрүүчү жалпы теорияны иштеп чыккан. 1944-жылы Эл аралык валюта фондун жана Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкын түзүү планын иштеп чыккан Бреттон-Вуд конференциясына британиялык делегацияны жетектеп барган. Кейнс теориясы АКШда, Улуу Британияда жана бир катар өлкөлөрдүн экономикалык саясатына олуттуу таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]