Кекечтик

Википедия дан

Кекечтик – сөздүн муунун, тыбышын эрксизден токтоп же кайталап айтуу менен мүнөздөлгөн сүйлөөнүн бузулушу. Мектеп окуучуларында, айрыкча эркек балдарда көп жолугат. Ал катуу корккондон, үй-бүлөдөгү чыр-чатактан, жугуштуу оорулардан, мээге доо кеткенден болушу мүмкүн. Көбүнчө нерв системасы начар бала кекеч болот. Адатта 25–30 жаштан кийин азаят, улгайган адамда сейрек кезигет. Кекеч бала өзүнүн бул кемчилигинен корунат, чоочун кишилердин көзүнчө сүйлөгөндөн тартынат, кекечтенгенде кызарып, уялып, тердейт. Мындай учурда кекечтенүү ого бетер күчөп, сүйлөө кол, буттун, бел булчуңдарынын эрксиз кыймылдары менен коштолот. комитети логопед атайын программада сабак өтүү менен дарылайт. Эрте жана үзгүлтүксүз дарылоодон толук айыгышы же кыйла азайышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]