Мазмунга өтүү

Кекеч Уста

Википедия — ачык энциклопедия

Кекеч Уста (Атасынын аты, туулган-өлгөн жылдары белгисиз) Зергер. Элдин айтымында Кемин тараптан чыгат.

Эл үркүндө ал Нарын, Ат-Башы тарапка барып туруп калат да, кызуу узанат. Айыл арасында сакталган нускалар «Кекеч устаныкы» деген атта таралган. Ал зергерчиликтин «согуу», «чегүү», «сиркелетүү» ыкмаkарын таасын өздөштүргөн. Көбүнчө зергер кара темирди торчолоп, ага үлбүрчөктөй жамбы күмүштү жалатуу аркылуу «сыялоо» (зооткерлөө - сыя төгүү) ыкмасына кийиздин көркөм оюм чийимдерин берип («сыяны» - себетти кандай жасаганы белгисиз), ал ушул күнгө чейин боёгу өчпөй сакталышы анын кереметтүү усталардан экенин күбөлөндүрөт. Үч канаттан турган чолпуларында «айчик көчөтү», «карга тырмак көчөтү», канаттууларды, айбанаттарды символдоштурган көркөмдүктөр зергердин жекече стилин баамдатат. Мындай нускаларды ал көбүнчө моңголдор эли жайлашкан жерлерде арбын узанганы билинет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0