Кекилик-Учар

Википедия дан
Кекиликучар‎»‎ барагынан багытталды)

Кекилик-УчарБазар-Коргон районундагы суу, Кара-Үңкүрдүн сол куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы булактардан башталат. Узундугу 39 км (Шаркыратманы кошкондо). Алабынын аянты 198 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1200 м. Жогорку агымында Шаркыратма деп аталат. Жапыз тоо жана адырларды аралап агат. Суу тартылган мезгилде кээде соолуп да калат. Жылдык Орточо чыгымы 0,67 м3/сек. Негизинен кар, жаан-чачын жана булак сууларынан куралат. Сугатка пайдалангандыктан, Тентек-Сайга (Кара-Үңкүргө) жетпейт. Жээгинде Кара-Жыгач кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]