Келгиндер башкармалыгы

Википедия дан

Келгиндер башкармалыгы – колониялык бийликтин Орто Азияга көчүп келген орус дыйкандарына конуш бөлүштүрүү үчүн уюштурулган атайын органы. Келгиндер башкармалыгын түзүү менен падышалык бийлик агр. кризис учурунда ички рынокту толтуруу менен мамлекеттик казынаны байытып, Россиянын Борбордук губернияларына батпай жаткан дыйкандардын талабын канааттандырууну көздөгөн. 1902-жылы январда түзүлгөн атайын комиссия реформа долбоорун иштеп чыгып, дыйкандардын жамааттан чыгуусун тездетүү үчүн жер берүү, аларды Россиянын чет жакаларына (Сибирь, Орто Азия) көчүрүү жана башка маселелерди караган. Алгач орус, немец, украин жана башка келгиндерди (кыргыздар «переселин» деп аташкан) жайгаштырууну жергиликтүү административдик бийлик ишке ашырган. Түркстан крайында, айрыкча Жети-Суу областында келгиндердин улам көбөйүшүнө байланыштуу (19-кылымдын аягында Орто Азияга келген орус дыйкандарынын саны 100 миңге жеткен) «Конуш которуу тууралуу убактылуу эрежеге» (1904) жана Николай 11нин буйругуна (1905, март) ылайык Жети-Суу областында 1905-жылы 21-июлда Келгиндер башкармалыгы түзүлүп, башчылыгына О. Шкапскийдин дайындалышы менен 1905-жылдан Орто Азияны колониялаштыруунун жаңы этабы башталган. 1907-жылы кабыл алынган «Кыргыздарды жерге жайгаштыруу» жана 1908-жылы «Жети-Сууну колониялаштыруунун тартиби жөнүндө» токтом чыккандан кийин көчмөн элдер жашаган жерлер мамлекеттик менчик деп жарыяланып, жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо шарты эске алынбай, келгиндерге берилген. 1907–15-жылдары Пишпек уездине 4113 (Пржевальскиге 2537, Ошко 971, Нарынга 357) үй-бүлө жайгаштырылган. Колониялаштыруу саясаты Кыргызстандын түндүгүндө өтө ырайымсыздык менен жүргөн. 1914-жылдын 1-январына карата Пишпек, Пржевальск жана Нарын уезддеринде 79 кыштак түптөлүп, анда 80 783 орус, украин, немистер жашаган. Жер айылдык жамаатка берилген, салык жер аянты жана мал саны эмес, жан башына карап төлөнгөн. Айласын тапкандар жер фондусунун көп бөлүгүн менчиктештирип алган. Жерге муктаж болгондордун көптүгүнөн падыша өкмөтү жергиликтүү акимчиликтен «ашыкча» жер табууну талап кылган. 1909-жылы экономист-социалист П. П. Румянцев башында турган атайын статистикалык отряд түзүлүп, алардын милдети катталбай калган «ашыкча» жер аянтын табуу болгон. Көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздар үчүн жер ээлөө ченеми иштелип чыгып, 1 291 305 теше «бош» жаткан жер (айдоо, чабынды, жайыт) келгиндер фондусуна сунушталган. Өкмөттүн көчүрүү (башкача айтканда кыргыздардын жерин тартып алуу) саясаты турмушка ашырыла баштаган. Жер ченөө, бөлүү учурунда чыр-чатак күчөп, Келгиндер башкармалыгынын жергиликтүү өкүлдөрүнө нааразылык арбыган. Чүй өрөөнүнөн Шабдан баатыр, Дүр Сооронбаев, М. Мураталин сыяктуу манаптар Түркстан генерал-губернаторунун жергиликтүү тургундардын ар түтүнүнө 40 тешеден жер берилсин деген көрсөтмөсүнө карабай, Келгиндер башкармалыгынын чиновниктери ар кайсы аянттан 1,5–2 теше айдоо жана жараксыз жерден 7 тешеге жетпеген үлүш берип жатышканын айтып арызданышкан. 1905–12-жылдары Пишпек уездиндеги кыргыздар 651 773 теше жеринен ажыраган. 1916-жылы Пржевальск уездинде калктын 24%ин түзгөн орус, украиндер уезддин бардык айдоо аянтынын 67,3%ин ээлеп калган. Кыргыздардын жерлеринин күч менен келгиндерге берилиши 1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгышына себеп болгон. Көтөрүлүш басылгандан кийин генерал-губернатор Куропаткин жетектеген өкмөттүк кеңештин чечими менен кыргыздар Чүй, Ысык-Көл, Кочкор, Жумгал өрөөндөрүндөгү тоолорго, сугатсыз таштак жерлерге көчүрүлгөн. Келгиндер башкармалыгы Совет бийлиги орногондон кийин жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]