Келдибек уулу Нусуп бий

Википедия дан

Келдибек уулу Нусуп бий – болжол менен 1720-1725-жылдары туулуп,  жүз жаштан ашып каза болгон. Жумгалдагы чекир саяктардын ичинен Курманкожо элине  узак жыл бий болгон адам. Ал касиети артык, колдоочулары бар жышаналуу, акылдуу адам болгон. Өзүнүн кара кылды как жарган калыстыгы, нускалуу кеби менен жаштайынан эл оозуна алынып, атасы Жакшыбай уулу Келдибектин ордуна бий болуп шайланган. Кыргыз санжырасында Нусуп бийди кыргыз-казактын  ортосундагы ар кандай чыр-чатактарында, жер талаштарында башкы калыс адам катары чакырышкан. Нусуп бий кандай гана чыр болбосун баарына жаккыдай кылып, калыстык менен чечкен. Атагы казактарга чейин жетип, өз доорунда абдан абройлуу инсандардын бири болгондугу талашсыз. Анын “көзүнда бар” дешип, жаӊы төрөлгөн балдарды ага көрсөтпөй багышкан. Даӊазалуу бийдин: Сарысейит, Жанбото, Сурке, Туума деген төрт уулу болгон.

Санжырада өзүнүн уулу Сарысейитке “көзү тийгендиги”,  ал ошондон улам каза  болуп калгандыгы айтылат.

Нусуп бийдин бийлиги  бир тууган иниси Байтүгөлдүн уулу Медетке өткөн. Медет кийин Кокон хандыгынан датка наамын алган тарыхтагы белдүү, белгилүү инсан экени маалым. Нусуп бийдин дагы бири иниси кадимки Балбак баатыр...

Атактуу бийдин күмбөзү Жумгалдын Таш-Дөбө айылында. Кийин урпактары ага арнап чоӊ күмбөз салышкан.