Келишим жолжобосу
Көрүнүш
Келишим жолжобосу – 1) биркатар өлкөлөрдүн конституциялык укугунда эгер ал мыйзам долбоорун кабыл алуу алардын биргелешкен ыйгарым укугуна кирсе, белгилүү бир мыйзам долбоору боюнча парламенттик жыйындардын өзара келишүүсү. Ал негизинен бири-бирине жөнөтүү же келишим комиссиялары аркылуу жүргүзүлөт. 2) КР эмгек мыйзамдары боюнча, ортомчунун катышуусунда аларды чечүү максатында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын элдештирүү комиссиясы менен кароо.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7