Кемин-Челек тоосу

Википедия дан
Кемин-Челек, тоо‎»‎ барагынан багытталды)

Кемин-Челек тоосу - Иле Ала-Тоосу менен Күнгөй Ала-Тоонун ашташкан жеринде. Дээрлик кеңдик багытында созулуп жаткан кырка тоолорду Талгар тоо массивинин батышынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен кыска (13 кмге жакын) жана бийик (Конституция чокусу, 4580 м) тоо туташтырып турат. Кемин-Челек тоосу Түндүк Теңир-Тоонун эң бийик (Талгар чокусу, 4973 м) жери жана ири мөңгүлүү аймагы. Негизинен протерозой менен палеозойдун кристаллдык тектеринен түзүлгөн. Неоген-антропогенде өтө күчтүү тектоникалык көтөрүлүүнүн натыйжасында калыптанган.

Көтөрүлүү процесси азыр да уланууда. Бийик тоолуу альп рельефи мүнөздүү. Түрдүү формадагы бийик тоо чокуларынан, капталдары тик кырлардан, байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон тепши сымал өрөөндөрдөн, туюк төрлөрдөн жана башка турат. Капталдарында үбөлөнүү жана гравитациялык процесстер күчтүү өөрчүгөн. Эң ири муз каптоо мезгилинде Чоң Кемин жана Челек өрөөндөрүнүн башында зор мөңгүлөр (узундугу 30 кмге жеткен) жаткан. Азыркы ири мөңгүлөрү: Корженевский (узундугу 12 км), Богатырь (8 км), Жаңырык (7,8 км, Челек тарабында), Аксуу (6 км), Талгар (3,5 км, Чоң Кемин тарабында). Субальп, альп шалбаасы жана гляциалдыкнивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.