Кемин висмут кени
Кемин висмут кени Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин шаарчасынан 17 км түндүк-чыгышта, Тазакемин тоосунун батышында, деңиз деңгээлинен 1390–1690 м бийиктикте. 1965-ж. табылган, 1967–75-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы жогорку ордовиктин штоктору жана дайкалары жиреген төмөнкү протерозойдун гнейсограниттеринен түзүлгөн. Висмут минералдашуусу гнейс-граниттин гидротермден өзгөргөн (агартылган) зонасы менен байланышкан. Бардыгы үч зонага бөлүнөт. Зоналардын узундугу 400–850 м, туурасы 30–150 м. Бул зоналар бургулоо көзөнөгү менен 290 м терендикке чейин изилденген. Зоналардын ичинде линза сымал руда тулкулары бар. Тулкулардын узундугу 15–53 м, калыңдыгы 1–10 м, жантаюсу боюнча узундугу 24–35 м. Негизги минералдары: кварц, висмутин, бисмит, пирит, галенит, халькопирит. Висмуттун өлчөмү 0,03–0,147%. Висмуттан башка алтын – 5,0 г/т, коргошун – 3,24%, күмүш – 300 г/т, жез – 1,13%, цинк – 0,1%. Руданын запасы С1 категориясы боюнча 52,3 миң т С2 – 2417,3 миң т, болжол ресурсу – 3533,8 миң т. Висмуттун запасы: С1–77 т, С2–1402 т, болжол ресурсу 1837,2 т.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7