Кемин
| Шаар
Кемин
| ||||||||||||||||||
Кемин (мурда Бөрүбай, Коёнду, Быстровка аталган; 1992-жылдан Кемин) — Кыргызстандын Чүй облусунун Кемин районундагы шаар.
Чүй дарыясынын сол өйүзүндө, Чалдыбар – Бишкек – Балыкчы автомобиль жана темир жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1120 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Токмок шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Кыштак катары 1912-жылы пайда болгон. 1954-жылдан шаарча. 2012-жылы шаар статусуна ээ болгон. Калкы 8,2 миң (2009). Темир жол станциясы жайгашкан. Шаарда «КЭТЗ», «Линолеум», «Кемин-Нан» АКлары, «Нефть жана газ» биргелешкен ишканасы, ошондой эле айыл чарба азыктарын белендөөчү, эл керектөөчү буюмдарды чыгаруучу чакан өнөр жай ишканалары иштейт. Кесиптик-техникалык окуу жайы, 3 орто жана музыкалык мектеп, бала бакча, бейтапкана, оорукана, 6 дарыкана, 3 мончо, 2 китепкана, 2 маданият үйү, кинотеатр, мейманкана жана башка бар. Ошондой эле үй-бүлөлүк врачтар тобу, санитардык-эпидемиологиялык станция, соода түйүндөрү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, кафе, ресторан, базар иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго жана Шабдан баатырга эстелик тургузулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 8169 киши (2009-жылы)[1].
| 1959[2] | 1970[3] | 1979[4] | 1989[5] | 1999[1] | 2009[1] |
|---|---|---|---|---|---|
| 7198 | 10 302 | 12 204 | 13 937 | 11 401 | 8169 |
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Советтер Союзу убагында Кеминде бир катар өнөр жай ишканалары курулган: электротехника, линолеум, курулуш материалдар, нан жана алтын казуучу заводдору. 1954-жылы ал шаар тибиндеги шаарча статусун алган, ал эми 2012-жылы шаарга айланган[6].
2012-жылы Кытайдан «TBEA» компаниясынын колдоосу менен өлкөнүн ошол кездеги эң ири энергетикалык долбоору - узундугу 405 чакырым болгон 500 кВ «Датка—Кемин» электр берүү линиясынын курулушуу башталган. 2015-жылы долбоор ишке киргизилген, ал мурда элект энергиясы жагынан бири-биринен ажыратылган өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирген. Кеминде подстанция курулган [7][8].
| Бул Кыргызстандын географиясы жөнүндө макала бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 Перепись населения Киргизии 2009. Чуйская область. Текшерилген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Перепись-1959
- ↑ Перепись-1970
- ↑ Перепись-1979
- ↑ Перепись-1989
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 20 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 26 -февраль (бирдин айы) 2024.
- ↑ https://who.ca-news.org/company:276
- ↑ https://russian.news.cn/2015-08/29/c_134567589.htm