Кемтик сүйлөм

Википедия дан

Кемтик сүйлөм - толук сүйлөмдөр менен катышта туруп гана сүйлөмдүк касиетке ээ болгон сүйлөм. М: - Сен кайда бардың ? - Шаарга. Катуу жел жүрсө, калдайган боз топурак учат. Жол боюндагы зым карагайлар шамалдын күчүнөн күңкүрөнүшөт.

Кемтик сүйлөмдөр адам турмушундагы кандайдыр бир информацияны баса көр-сөтүү функциясын аткарат. Б.а., Кемтик сүйлөмгө семантикалык акцент түшүрүлүп айтылат. Ошондуктан Кемтик сүйлөм өзүнчө бөлүнүп, обочолонуп жазылат. Мис., - Ким үчүн эмгектендим?- Келечек үчүн.

Кемтик сүйлөм интонациялык жактан башка сүйлөмдөрдөн айырмаланат. Оозеки сүйлөшүүдө Кемтик сүйлөм интонация аркылуу ажырым айтылат, Жазууда Кемтик сүйлөм графикалык ыкма менен бөлүп жазылат.

Кемтик сүйлөм грамматикалык табияты боюнча үчкө бөлүнөт:

  • 1) Ээнин зоонасында уюшулган Кемтик сүйлөм
  • 2) Баяндоочтун зоонасында уюшулган Кемтик сүйлөм
  • 3) Айкындооч мүчөлөрдүн зоонасында уюшулган Кемтик сүйлөм

Кемтик сүйлөм семантика - структуралык өзгөчөлүктөрү боюнча дагы бир нече түрлөргө бөлүнөт: өксүк Кемтик сүйлөм баяндоочсуз Кемтик сүйлөм , диалогдук Кемтик.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4