Кендирбаева Жумагүл Жумаевна
Кендирбаева Жумагүл Жумаевна (23. 1. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды-Суу айылы) – геология-минералогия илимдеринин доктору (2004), профессор (2006). Фрунзедеги Политехникалык институтту (1971) бүтүргөн. «Кыргызгипроводхоз» долбоорлоо институтунда инженер (1971–73), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Сейсмология институтунда инженер, илимий кызматкер (1973–90), Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы «Бейиш» элдик медицина борборунда жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы, директордун илимий иштер боюнча орун басары (1991–2001), И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин доценти (1991), И. Раззаков атындагы КТУнун профессору (2006), Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору (2007) болуп иштеген, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун, отличниги (1999). 150 илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 8 патенттин автору. Илимий иштеринин негизги багыты: тоолуу аймактарда табигый шарттын өзгөрүшүнөн суу ресурстарынын тартылуу же суу каптап, топурак кыртышынын сазга айлануу проблемалары.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9