Кенесарынын чапкыны (1847)

Википедия дан
Кенесарынын чапкыны‎»‎ барагынан багытталды)

Кенесарынын чапкыны (1847)1847-жылы жазында Кенесары кыргыз айылдарына чечкиндүү чабуул баштайт. Бирок бул кезде кыргыздар батыш Сибирдеги орус төрөлөрү менен ымала түзүүгө үлгүрүп, өздөрүнүн абалын бир топ оңоп алышкан. Орус бийлиги кыргыздарды Кенесарыга катуу каршылык көрсөтүүгө үндөп, зарыл учурда аскер, курал-жарактан каралашууга убада берген.

Кенесары чапкыны (1847)
Дата

17 апрель — 25 апрель 1847

Орун

 Казакстан
 Кыргызстан

Себеп

Кыргыздардын казак хандыгына баш ийбөөсү.

Натыйжа

согуш

Каршы тараптар
Кыргыз хандыгы Казак хандыгы
Колбашчылар
Ормон хан
Алишер датка (Пишпек чеби)
Жантай баатыр
Жаңгарач Эшкожо уулу
Кенесары хан
Тарап күчтөрү
5.000-7.000 аскер
2 замбирек[1]
20.000 аскер
4 замбирек
1.500 ашык мылтык
Жоготуулар
Кудайменде туткундалган
Каза болгондор:
Ормонбек,
Субанбек,
Калпак Стамбек уулу
Кенесары туткундалган
Каза болгондор:
Наурызбай,
Дайырбек,
Жалбай

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Кыргыз-Казак согуштары

Кыргызстанга кайрадан кол салганда хан Кененин карамагында 15 миңден ашуун аскер, 1500 мылтык жана 2 замбирек болгон. Жоо жакындап калганда чүйлүк кыргыздар тоо этектеп чегинип кетишкен. Ал эми Бишкек жана Токмок чептериндеги кокондук сарбаздар кыргыздарга жардам берүүнүн ордуна чеп-коргондоруна корголошкон. Болгону Бишкек беги Алишер кыргыздарга 2 замбирек берген. Кенесарынын колу адегенде ийгиликтерге ээ болуп, кыргыз айылдарын талап-тоноп, жүздөгөн бейкүнөө адамдарды кырган. Көп өтпөй Чүй өрөөнүнүн чыгыш тарабына жыйналган кыргыз кошуундарына Ормон ханга башчылык кылуу милдети жүктөлгөн.
Айкаш башталар алдында Ормон хан түнкүсүн кыр-кырларга алоолонтуп от жактырып, жер жайнаган аскер келип калгандай сүр көрсөтөт. Күндүзү атайын таңгакталган тал, чычырканактарды атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, түмөндөгөн кол топтолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Ормон хандын мындай аскердик айла-амалы эл ичинде «Ормон опуза» деп айтылып калды. 50 миңдей, айрым маалыматтар боюнча 100 миң аскер жыйналган. Кенесарынын аскери менен Ормондун колунун ортосундагы чечүүчү салгылашуу 1847-жылы апрелдин аягында башталып, бир нече күнгө созулган. Уруш Майтөбө-Текеликтин (Кекиликтин) сеңиринде жүрдү. Көп өтпөй кыргыз колу коргонуудан чабуул коюуга өтүп, жоого оң, сол канаттан сокку ура баштаган. Согуштук аракеттер өтө курчуган мезгилде Батыш Сибирь генерал-губернатору жиберген орус аскерлери Кенесарыга жардамга келе турган кошуундун жолун торогон. Салгылашуулардын биринде кыргыз колу, хандын аталаш иниси Кудаймендени 5 миң аскери менен талкалап, Кудаймендени туткунга түшүрүшкөн жана аны өлүм жазасына тартышат. Кенесарынын абалы оорлой баштаганын көргөн Улуу жүздүн ага кошулган султандары ханды калтырып кете башташат. Жакын жан-жөкөрлөрү таштап кеткен хан Кене урушту улантуудан айбыгып, түн жамынып чегинүүгө мажбур болду. Баш аламан качкан жоонун артынан кубалаган кыргыз колу душманды Мыкандын кара сазына камайт. Айыгышкан айкашта Кенесарынын колу биротоло талкаланып, өзү нөкөрлөрү менен туткунга түшкөн.

Экинчи чабуул 1847-жылдын 17–25-апрелинде болуп өткөн[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кенесары Тынаалынын жол баштатып алып, түнкүсүн келип, адегенде азыркы Кант шаарынын түндүгүндө жайгашкан Кара-Суудагы сарыбагыштардын айылына кол салган. Капысынан экенине карабастан кыргыздар ок-дарылары калбай калганча кармашып, Ормонбек, Субанбек деген баатырлар өлгөн, анын ичинде Калпак Стамбек уулу өзгөчө эрдик көргөзгөн. Мындан кийин Кенесары колун экиге бөлүп, Токмокту көздөй жөнөп, Чүй суусунун оң жагында Текеликтин (Кекиликтин) сеңири деген жердеги Май-Дөбөгө туусун тиккен. Бул учурда Ормон хан Ысык-Көлдөгү Байсоорунда кол жыйнап жаткан. Жантай менен Жангарач башында турган Чүйдөгү солто менен сарыбагыштар казактар менен кармашып, Кенесарынын баласы Жапарды колго түшүрүп алышкан. Үч күндөн кийин керней-сурнайын тарттырып Ормон келгенде Кенесары: «Сыйырча мөөрөгөн не?» десе, жанындагы Байзак; «Ханым, сиз кыргыздын чабагы менен чабышып жаткансыз, жаяны эми келди» деп түшүндүргөн. Ормон кол башчылыкты өз колуна алып, түнкүсүн кыр-кырларга алоолонтуп от жактырып, жер жаййнаган аскер келип калгандай сүр көрсөткөн. Күндүзү тал, караган-чычырканакты атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, түмөндөгөн кол топтолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Казактардын көбү чабуул башталганда эле качып, жер өңүтүн билбегендиктен Мыкандын сазына чөгүп кеткени да көп болгон. Агыбай баатыр баштаган азыраак гана казактар аман кутулган. Казак жактан бардыгы миңден ашык киши (анын ичинде төрө тукумунан 32) курал-жарактары менен туткунга түшкөн. Кенесарынын жибек чатыры жана өздүк мылтыгы да колго түшүп, алар кийин Бүткүл россиялык көргөзмөгө коюлган. Кенесары менен анын иниси Ноорузбайды Алмалуу-Сай деген жерден Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор колго түшүрүп алышкан. Кенесарынын колун жеңгени үчүн кыргыздардан 12 белгилүү киши орус бийлиги тарабынан ар кандай медалдарга татыктуу болушкан.

Өзгөчө баатырлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кенесары хандын чапкынында кыргыздардан Шамен Куттуксейит уулу, Адыл Субан уулу, Үмөтаалы, Чаргын Ормон уулдары, Төрөкелди баатыр, Алыбек Кетирекей уулу, Кебек мерген, Ботаалы Назар уулу сыяктуу баатырлар өзгөчө эрдик көргөзүшкөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Хан Кенесарынын акыркы жортуулу жана анын өлүмү. Жанузак Касымбаев. § 2. КЫРГЫЗДАР МЕНЕН СОГУШ ЖАНА ХАНДЫН ӨЛҮМҮ