Мазмунга өтүү

Кене дан

Википедия — ачык энциклопедия

Кене дан – сүт тикендер тукумундагы көп жылдык өсүмдүк уруусу. Бир түрү – кадимки Кене дан (R. communis L.) бар. Ал бир нече түрчөгө бөлүнөт. анын ичинде көп эгилгендери: перс, сангвинеус, Занзибар жана кытай Кене даны (уругунан май алынат). Африкада Кене дан бадал же дарак (бийиктиги 10 мдей) түрүндө өсөт. КМШ өлкөлөрүндө негизинен перс, сангвинеус Кене даны жана гибрид сорттору эгилет. Өзөк тамырлуу өсүмдүк; сабагы (бийиктиги 1–2 м, айрымдары 4 мге чейин) түз, бутактанып өсөт. Негизги сөңгөгүндө 5–20 чоң жалбырак өсүп чыгат. Топ гүлү манжа сымал. Кайчылаш чаңдашат. Мөмөсү үч уялуу (ар уяда бирден урук болот), тоголок же сүйрү чанак (топ гүлүндө 15–300 чанак болот); 1000 уругунун салм. 200–500 г. Кене данда рицин белогу, рицинин алкалоиди бар; адам жана мал үчүн уулуу. Жылуу (уругу 10ШСде өне кастор майы (60%) алынып, медицинада ж. б. пайдаланылат. Кене дандын күнжарасы мыкты жер семирткич болот. Сабак буласынан кап, жип жасалат. Кене дан зыянкечтери: зым сымак курттар, күздүкчү үкүчө ж. б.; илдеттери — боз чирик ж. б.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]