Кенжебаев, Шаршен

Википедия дан

Кенжебаев Шаршен (1932-ж. т.,, Ат-Башы району, Ача-Кайыңды айылы) — математик, физик, физика-математика илимдеринин доктору (1995).

1953ж. КМУнун физика-математика факультетин бүткөн.
1953-60-ж. Ат-Башы районундагы мектепте математика жана электр-техника мугалими болуп иштеген.
1960-65-ж. Кыргызстан ИАнын Физика, математика институтунда жана СССР ИАнын Физика институтунда аспирант. Ошол эле учурда М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде лекциялар курсун уккан жана 1963-84-ж. кенже илимий кызматкер болуп иштеген.
1984-жылдан Кыргызстан ИАнын Математика институтунда улук илимий, 1995-жылдан башкы илимий кызматкер. Ал ядро физикасы, математикалык физика боюнча адис. 20 илимий эмгектин (анын ичинде 1 монография) автору.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.