Кенжеев Токтокадыр
Кенжеев Токтокадыр Жыгаччы. 1942-ж. Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө төрөлгөн.
Орто билимдүү. Бишкектеги 8-март фабрикасында иштеген. 1969-ж. театрлар коомунун өндүрүштүк өнөрканасына кирип, комуз чабат. Андан Оштогу «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесине которулат. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Токтокадыр пландуу тапшырмаларды аткарып, көп нускалап, дүкөндөргө чыгарат. Комуздун үнүн табуу үчүн талаптанып, жекече байкоолорду жүргүзүп, ал аракетинен натыйжаларды көрөт. Бул боюнча өнөркана ага «Алтын колдуу чебер» деген наам ыйгарган. Уста комуз үчүн жергиликтүү өскөн жыгачтардын көпчүлүк түрүн негизги жердик катары пайдаланат. Жыгачтан комуз чабууда ич ара бөтөнчөлүктөрүн таасын туя билген чебер бир нече ыкмаларды колдонот. Комуз чабууда анын жердигин «кыкка көмүү», «солидол сиңирүү» сыяктуу мүнөздүү кургатуу жолдорун талаптагыдай өздөштүргөн. Уста өрүк жыгачын сары жалбырак болуп ширеси кеткен кезде кыят. Аны 2-3 ай жаан тийбеген көлөкөдө сактайт. Тең экиге бөлүп, жарып сүргөндө өзөгү өзүнөн өзү кетет. Аны чебер үлгүсүнө, жон-капталдарын чаап, кесип-жонуп ичин оюп, комуз түспөлүн бергенден кийин калыбына салып, дагы бир айча кургатат. Мында жыгаччынын буюм-тайымдын түспөлүн таба билүүсү анын чеберчилигин жана чыгармачылыгын даана аныктайт.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-сынагы». Элдик аваздык аспабы үчүн Обкомдун жана Облаткомдун Ардак грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Кол өнөрчүлөрдүн областтык кароо-сынагы». «Көөкөр» аттуу белеги үчүн «Мурас» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин II даражадагы диплому; 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Аваздык аспаптары менен катышкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0