Кенигут үңкүрү

Википедия дан

Кенигут үңкүрү – байыртадан кен казып алынуучу үңкүр.

Баткен районундагы Самаркандек кыштагынан 18 км батыш тарапта, Мадыген тоосунун чыгышындагы Шадымыр капчыгайында. Аны Зооккур деп да коюшат. Кыргызстандагы эң чоң үңкүр. Узундугу 1 кмден ашат. Эки оозу бар. Үңкүр жергиликтүү калкка байыртадан эле белгилүү. Анын айланасындагы аймактарды адамдар кул ээлөөчүлүк доордо эле мекендегендиги анык.

6–7-кылымдарда үңкүрдөн коргошун, темир казып алынган.

Кокон хандыгынын мезгилинде жергиликтүү кыргыздар үңкүрдөн коргошун казып алып тургандыгы жөнүндө маалымат бар. 1850-жылы кокондук корбашы бир нече жигити менен үңкүрдүн оозунан белгисиз тилде жазылган жазууну көргөн. Кийинчерээк үңкүрдүн оозу урап түшүп, жазуу жоголгон. «Кенигут» («Ажал кени») аталышы Кокон ханы Кудаяр менен байланыштуу, ал өлүм жазасына тартылгандарды күмүш казып алуу үчүн үңкүргө түшүргөн. Үңкүрдүн жанында таштан салынган турак жайдын урандылары жатат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов
Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.