Кеншанык кени

Википедия дан

Кеншанык кени - Токтогул районундагы полиметалл рудасы жаткан жер. Талас Алатоосунун түштүк капталында, Узунакмат суусунун алабында.

1932-33-ж. табылган. Кен аймагын доломиттешкен акиташ теги жана аны жиреп чыккан гранит-диорит массиви түзөт. Руда акиташ тегинин аны жиреп чыккан сонку гердиндин интрузиясы менен кошулган жериндеги скарнда катмарча түрүндө жатат. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, арсенопирит, халькопирит, пирит ж. б. Кен герцин металлогениялык доордо метасоматоз жолу менен пайда болгон.

Рудадагы күмүштүн запасы В категориясы боюнча 283 миң т (руданын орточо өлчөмү 68,6 г/т), 0,-749 миң т (108 г/т), С2~ 498 миң т (95,8 г/т).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5