Мазмунга өтүү

Кеншанык полиметалл кени

Википедия — ачык энциклопедия

Кеншанык полиметалл кени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Талас Ала-Тоосунун түштүк капталында, Узунакмат дарыясынын алабында. 1932–33-ж. табылган. Кен аймагын доломиттешкен акиташ теги жана аны жиреп чыккан гранит-диорит массиви түзөт. Руда акиташ тегинин аны жиреп чыккан соңку герциндин интрузиясы кошулган жериндеги скарнда катмарча түрүндө жатат. Негизги минералдары: галенит, сфалерит, арсенопирит, халькопирит, пирит ж. б. Кен герцин металлогениялык доордо метасоматоз жолу менен пайда болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]