Кен запасын эсептөө

Википедия дан

Кен запасын эсептөө - кен таштын курамындагы минералдык сырьёнун сапатын, санын, өлчөмүн аныктоо. Мында кендердин чалгындоо даражасы, орун алуу тартиби, сапаты, саны, өлчөмү, чеги, эл чарбасындагы мааниси, казып алуу мүмкүнчүлүгү, жайгашуу тартиби, жалпы шарты такталат. Кендерди чалгындоонун бардык этабында запасы аныктала берет. Эң алгачкы чалгындоодогу маалыматтар боюнча запасты эсептөө жана техникалык-экономикалык доклад (ТЭД) даярдалат. Кендин кондициясы түзүлөт. Тийиштүү кен таштын запасы, баалуулугу аныкталат. Бул көрсөткүчтөр кийин тоо-кен мекемелерин долбоорлоодо негизги документ болуп калат. Кендин алгачкы жана такталгандан кийинки запасын запас боюнча мамлекеттик комиссия бекитет. Кендин запасы экономикалык жактан казып алууга жарактуу (баланстык) же азырынча пайдаланууга жараксыз (баланстан тышкары) экендиги аныкталат. Булардын ар бири кен байлыктын чалгындалган даражасына, изилденип чыккан сапатына, казып алуу шартына байланыштуу 4 категорияны (А, В, С жана С2) түзөт. Кендин таралышы чектелбей, кен таштын сапаты аныкталбай, жалпы геологиялык маалыматтарга карап болжолдуу алынган запас прогноздук же геологиялык запас деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]