Кен иштетүү

Википедия дан

Кен иштетүү - жер кыртышындагы кен байлыктарды өндүрүп алуу иштери. Адегенде кен байлыктар геологиялык жактан толук изилденет. Кенди издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлүп, запасы, сапаты аныкталат. Казып алуудагы экономикалык жактары, кен казып алуучу ишкананын кубаттуулугу, иштетүү ыкмалары каралат. Чалгындоодо геофизикалык, геохимиялык ж. б. ыкмалар колдонулат. Бардык жактан толук изилденип бүткөндө, долбоордун негизинде кен казыла баштайт. Жер тереңдигинде же жер бетинде ар кандай казылмалар жана бургулоо иштери жүргүзүлөт. Шахта (рудник) имараттары курулат. Шахтада эки түрдүү казма казылып, анын биринен шахта ичине таза аба киргизилет, экинчисинен булганган аба сыртка чыгарылат. Мындай иштерди тик же жантайыңкы шахта стволдору жана штольня аткарат. Кен ачылгандан кийин аны казып алууга даярдык көрүлөт. Шахта стволдору, жардамчы казмалар казылат. Үңүлмөдөн казылып алынган кен таштар атайын унаа жана жер бетине көтөрүп чыгарылат. Ар кандай жүктөр, жабдыктар, шаймандар, кишилер шахта стволундагы көтөргүчтөр аркылуу шахтага түшүрүлөт же жер бетине көтөрүлөт. Кен иштетүүдө жер кыртышындагы кен байлыктарды толук казып алуу негизги орунду ээлейт. Көп учурда ачык жол жана казып алуу кеңири колдонулат. Мында эмгек өндүрүмдүүлүгү жер алдына казганга караганда 7–20 эсе жогору, казылып алынган кендин өзүнө турган наркы бир кыйла төмөн болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]