Кен казуу

Википедия дан

Кен казуу - жер кыртышындагы кен байлыктарды орун алган жеринен бөлүп алуу иштери. Кендин геологиялык шартына, физикалык-мехникалык касиеттерине жараша бир топ ыкмалар колдонулат. Адам күчү, механизмдерди колдонуу, жардыруу, физикалык жана химиялык жолдор жана казып алуу. Көмүрдү казып алууда катмарлардын жайгашуусуна, калыңдыгына, түзүлүшүнө көңүл бөлүнөт. Адегенде көңдөйлөп, тилке жасап, катмардын калган бөлүгү талкалоочу балка же жардыруучу зат жана талкалап уратылат. Бургулап жардыруу ыкмасы да колдонулат. Мында майда шнурлар жана терең скважиналар аркылуу жардырылат. Камералык дүрмөт минасы да пайдаланылат. Жер үстүнөн кенди казуу иштери экскаватор, бульдозер жана ишке ашырылат. Катуу, бек кен таштарды казууда, адегенде, бургулап жардырылат. Тоо тектерди бөлүктөргө бөлүп талкалайт. Борпоң кендер гидромеханизмдер жана казып алынат. Кесек тектерди, талкаланган кендерди драга, топурак соргуч, гидромонитор жана өндүрүп, күчтүү экскаваторлор колдонулат. Нефть жана газ терең бургулоо скважиналары аркылуу өндүрүлөт. Көмүрдү жер астынан күйгүзүп, газга айландырып, газын алса болот. Кээ бир кендер жер астында эритүү жолу жана өндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]