Кен ташты тазалоо

Википедия дан

Кен ташты тазалоо - кен байлыктарды жер астынан казып алып жатканда кен ташты тоо тектерден, кошундулардан, таштандылардан арылтуу. Өз ичинен кен ташты тоо тектер жана бирге (дүң) жана ар бирин өз алдынча (селектор) казып алуучу түрлөргө бөлүнөт. Мында кен ташты тоо тегинен бөлүп казуучу казма — тазалоочу казма, үңүлмөсү — тазалоочу үңүлмө, кен таштарды тазалап, өз алдынча бөлүп алгандан кийин пайда болгон боштук тазаланган боштук деп аталат. Чоң кен таштарда бургулап жардыруу комплекстүү жүргүзүлөт. Натыйжада кен таш кесек бөлүкчөлөргө бөлүнүп талкаланат. Жер астынан көмүрдү сорттоп бөлүүдө комбайн, конвейер, жүктөгүч, скрепер, экскаватор, механикалашкан бекитмелер колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]