Кен таш тарамдары

Википедия дан

Кен таш тарамдары — тоо тектердин жаракаларын ээлеп жаткан минералдык заттардын тулкусу. Жөнөкөй жана татаал түзүлүштөн турат. Жөнөкөй түрүнө минералдуу заттар ээлеп жаткан жаракалар кирет. Татаалдары бирибирин кесип өтөт. Талкаланган аймактары кездешет. Түзүлүшү боюнча даана, көңдөйчө, ийилген, тепкичтенген, тарамдашкан турпаттарга бөлүнөт. Тоо тектердин кабаттарын туурасынан жарып өткөндөрү кесүүчү тарам деп аталат. Кабат боюнча тарагандарын катмарлашкан тарам дейбиз. Узундугу 1 мден жүздөгөн кмге жетет. Кээ бири жукарып, жок болуп кетет. Геологиялык жана жумушчу калыңдыктан турат. Жумушчу калыңдыгы бир нече смден ондогон мге барабар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]