Кен таш эмес кендер

Википедия дан

Кен таш эмес кендер — курулуш ишинде, өнөр-жайдын кээ бир тармактарында кеңири пайдаланылуучу кендер. Табигый түрдө же мехникалык, термиялык, химиялык жол жана кайрадан иштелип чыккан материалдар (минералдар, тоо тектери). Буга химиялык сырьёлор (жер семирткичтер, туздар, күкүрт ж. б.), металлургиялык сырьёлор (чопо, доломит, магнезит, б. а. отко чыдамдуу минералдар, акташ, флюорит, кварцит), курулуш материалдары (курулушта кеңири колдонулуучу тоо тектер: гранит, мрамор, туф, кумдук ж. б.), карапа, айнек, калып жасоочу материалдар, минералдык боёктор, бириктирип камдаштыруучу заттар, жылуулук жана үндү өткөрбөөчү тектер, асыл таштар ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]