Кепил
Көрүнүш
Кепил – кепилдик берүүчү; кандайдыр бир нерсеге кепилдик берген мамлекет, мекеме же жак. Кепилдик берүү келишими боюнча, К. башка бирөөнүн өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарышы тууралуу карызкор менен бирдикте кредитордун алдында жоопкерчилигин алат. К-дин кепилдик милдеттенмеси менен камсыз болгон карызкор өз милдеттенмесин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, эгер кепилдик келишиминде К-дин субсидиардык жоопкерчилиги каралбаган болсо, К. менен карызкор кредитор алдында бирдей жоопкерчилик тартат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7