Мазмунга өтүү

Кепташ молибден кенчеси

Википедия — ачык энциклопедия

Кепташ молибден кенчеси Талас облусунун Бакайата районунда, Кепташ суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 2450 м бийиктикте. Кенче 1934-жылдан бери белгилүү. 1982–87-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Рудалануу интрузиянын үстүндө жаткан рифей мезгилинин акиташ, алевролит жана кумдук катмарларында жаракаларга жакын жайгашкан. Руда вольфрам-молибдендүү кварц-мусковит-флюорит грейзендери жана гранат-амфибол-пироксен скарндарына топтолгон. Рудасы бар участкалардын узундугу 10–200 м, калыңдыгы 0,1 мден 15–20 мге чейин. Негизги руда минералдары: шеелит, молибденит, пирит. Молибдендин орточо өлчөмү 0,17%. Руданын болжол ресурсу 5405,6 миң т, молибдендики – 9189 т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]