Кератопластика

Википедия дан
Кератопластика.

Кератопластика - көздүн тунук челин көчүрүп тигүү операциясы.

Кератопластика көздүн тунук челин ак басып, көрүү начарлаганда аны толук же бир аз калыбына келтирүү максатында, кээде сулуулук үчүн жасалат. Көздүн тунук челинин ак түшкөн жерин кесип алып, анын ордуна башка адамдан түрдүү себеп менен алынган же консерваланган көздүн тунук челинин бөлүгү тигилет. Азыр көздүн тунук челин бүт бойдон алмаштырууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8