Кербен түздүгү

Википедия дан

Кербен түздүгү, Караван - Көк Жар түздүгү – Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. Кадамжай районунун аймагында. Түндүгүнөн Дастар, Улуу Тоо, түштүгүнөн Гаузан тоосу, чыгышынан Бел-Өрүк адырлары, батышынан Исфайрам-Сай өрөөнү жана чектешет. Узундугу 28–30 км, туурасы 16–18 км. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1200–1500 м. Түздүк негизинен тегиз, чет-жакасы майда жылга-жыбыттуу. Айрым жеринде суу жеген ойдуңчалар кездешет. Палеоген-неоген жана төртүнчүлүк мезгилдеринин чөкмө жана шиленди тектери жана капталган. Климаты континенттик. Жайы ысык (июлдун орточо температурасы 24оC), кышы мелүүн (январдыкы —3,5оC). Жылдык жаан-чачыны 250-290 мм. Кербен түздүгүндө Абшыр жана Исфайрам-Сай суулары каналдарга бөлүнүп кетет. Негизинен боз топурактуу. Шыбак-эфемерлүү жана жарым чөл талаа ландшафттары мүнөздүү. Тамеки, дан өсүмдүктөрү ж. б. эгилет. Түздүктө Кызыл-Кыя, Кербен шаары, Үч-Коргон, Кубасай кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]