Керектен чыгуучу буюмдар
Көрүнүш
Керектен чыгуучу буюмдар – бир жолу пайдалангандан кийин жок кылынуучу же олуттуу өзгөрүүгө учуроочу (м.: чийки затты кайра иштетүү) буюмдар, алардан айырмаланып керектен чыкпоочу буюмдар пайдаланылганда эскирет, жешилет, бирок бир топ убакыт бою өздөрүнүн баштапкы касиеттерин жоготпойт (машиналар, турак үй, эмерек ж. б.). К. ч. б. мүлктү жалдоо, акысыз пайдалануу келишимдеринин заты боло албайт, бирок, м.: карыз берүү келишиминин предмети боло алат, анткени, акчаны чыгымдаган карызкор кредиторго карызын башка акча белгилери менен кайтарат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7