Керектөөнүн улам өсүү мыйзамы
Керектөөнүн улам өсүү мыйзамы - коомдун өндүргүч күчтөрүнүн, маданиятынын өнүгүшүнөн улам керектөөнүн өсүшүн көргөзүүчү мыйзам.
Коомдун өнүгүшү менен бирге анын мүчөлөрүнүн муктаждыгы жаңыланат жана өсөт. Ошол эле учурда керектөө структурасында сапаттык өзгөрүү болот. Интеллектуалдуу жана социалдык керектөө үлүшү арбыйт. Бул жеке адамдын мүдөөсүнө ылайыкталбастан, коомдук керектөө системасына, асыресе коом мүчөлөрүнүн жалпы керектөөсүнө карата объективдүү закон катары эсептелет. Илимий техникалык революциянын экономиканы ыкчам өнүктүрүшү керектөө процессине да таасирин тийгизди. Керектөөнүн улам өсүү мыйзамы ар кандай тарыхый шартта, түрдүү формада бардык социалдык-экономикалык коомдо кездешет. Социалдык теңсиздиктин айынан социализмге чейинки коомдордо бул закон антагонисттик формада болуп, коомдогу таптар арасында керектөө бирдей өспөйт. Мында эзүүчү тап бир катар артыкчылыкка ээ, анткени байлыктын өсүшү керектөөнү да жогорулатат. Социализм учурунда керектөө закондору жаңыча мазмун алат, бирок, эзелтен берки жеке менчик негизиндеги экономика, маданият, билим берүү, коомдук-саясий иш жагынан үстөм теңсиздикти социализм дароо жоё албайт. Ал акырындап жеке менчикти жоюу менен коомдук менчикти өнүктүрүп, коомдогу бардык адамдын жапырт өсүшүнө шарт түзөт. Социализм учурунда бул закондун бир топ артыкчылыгы бар. Керектоо ар тараптан, жалпы өсүп, пландуу жана үзгүлтүксүз тез жогорулайт да, акырындык менен керектөө бирдей боло баштайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.