Керимбай Атакан уулу

Википедия дан

Керимбай Атакан уулу (1870, Кашкат (азыркы Карасуу айылы) - 1933, Кызылжар айылы) - өрөөнгө таанымал болуш.

  • 1888-ж. Кетментөбө өрөөнүнө болуштукка дайындалат.
  • 1900-ж. өрөөндө катуу жут болгон учурда элди ачарчылыктан сактап калуу үчүн башка жактардан арпа-буудай алып келип, элге таратып бердирген. Совет бийлиги орногон учурда алар менен компромисттик саясат жүргүзүп, Олуяатадан 40 жоокер алып келүүгө көмөктөшүп, алар менен кошо басмачыларга карщы_ күрөшкөн.
  • 1926-ж. башкаруучу төбөл катары соттолгон учурда камакка алынбастан жөн гана башка жерге көчүрүлүп жиберилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5