Керимканова Гүлайым
Керимканова Гүлайым Шырдакчы. 1955-ж. Таласта төрөлгөн.
Орто билимдүү. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Таластагы филиалын уюштуруучулардын бири. Ал сары шырдак жасоого назар таштайт. Уз сары менен караны беттейт да, ачык сарыны чечүүчү түс кылып чыгарат. Гүлайым борбордук оюмду жалпы алат да, эки табакчанын ичинен «карга тырмак оюму» «кочкор мүйүз оюмунун» башынан чыгып, араларына колтук оюму жагалмай канаттанып, бычак учу аркылуу жээк оюму менен тутумдашканда оюм ичке келип, төрт бурчунда үзүл кесил чыкпайт. Ал шырдактарын чакан жасайт да, кийизди кылчык жүндөн уютат. Эмгеги баттамада.
Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы; 1987-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык кароо-сынагы». «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк Бирикмесинин Ардак грамотасы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0