Мазмунга өтүү

Керр эффекти

Википедия — ачык энциклопедия

Керр эффекти - бир тектүү электр талаасында жайгашкан оптикалык изотропиялуу заттар аркылуу жарык нурун өткөзүүдө жарыктын эки багытка ажырап сынышы.

Бул кубулушту шотланд физиги Ж. Керр (1875) ачкан. Керр эффектинин натыйжасында электр талаасында жайгашкан газ же суюктук оптикалык огу талаанын багыты боюнча багытталган бир октуу кристалл сыяктуу касиетке ээ болот.

Керр эффектин байкоо үчүн монохром жарыгы поляризатор П (мисалы, Николь призмасы) аркылуу өткөрүлүп, изотропиялуу зат менен толтурулган жалпак конденсаторго багытталат . Поляризатор габигый жарыкты поляризацияланган жарыкка айландырат. Эгер конденсатордун каптоолоруна чыңалуу берилбесе поляризацияланган жарык заттан өткөндө өзгөрбөйт жана поляризаторго карата 90°ка бурулган экинчи Николь призмасы А дан жарык такыр өтпөйт. Эгер конденсаторго чыңалуу берилсе, анда сызыктуу поляризацияланган жарык толкуну зат аркылуу өтүүдө экиге: электр талаасынын багыты боюнча жана ага тик багытка бөлүнөт да, түрдүү ылдамдык менен таралат. Ошондуктан Керр ячейкасынан чыккан жарык толкуну кош сынуу кубулушунун негизинде эллипс түрүндө поляризациялангандыктан анализатор аркылуу өткөн жарыкты көрүүгө болот.

Керр эффекти П. Ланжевен (1910) жана М. Борн (1918) теориясы менен түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.