Василий Кесарийлик

Википедия дан
Кесарийлик Василий‎»‎ барагынан багытталды)
Василий Кесарийлик

Улуу Василий

Василий Кесарийлик (болжолу 330–379-ж. чен) – чиркөө тарабынан улуу деген атка конгон грек чиркөөсүнүн ишмери, ойчул жана жазуучу, патристиканын ири өкүлү.

Василий христианчылыкты таратууда антикалык маданияттын элементтерин пайдаланууну ылайык көрүп, үгүт насааттарында байыркы философторго кеңири таянган, бирок философияны ал дин илиминин «кызматчысына» айландырууга аракет кылгандардын демилгечиси болгон.

Василий Платон менен неоплатонизмдин таасирине дуушар болуп, чиркөө беделин көтөрүү максатында монахчылыкты бекем сактап, календерлик менен аскетизмди мактоого алган.

Василийдин негизги чыгармасы «Алты күндүк» (дүйнөнүн жаралышын баяндаган 6-күн жөнүндөгү 9-маек).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]