Кесек

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Кесек - ичкиликтер (Булгачы) уруулук тобундагы эң ири уруулардын бири. Санжыра боюнча легендарлуу Долон бийдин иниси Сабатайдан тарашат. Кесектер - теги байыркы кыргыз урууларынан болуп эсептелишет. Этнонимдин параллелдери казактарда - «кара кесек», «караул кесек», тожулук туваларда «кезек» (хуулар), «кезек соян», башкырларда «кесе» (табын) формаларында кездешет. Эң кызыктуусу, бүгүнкү хакас-сагайлардын курамындагы кезегет (кедегет) сөөгү (уругу) Энесай кыргыздарынын түз урпактары экендиги аныкталган. Бул фактылар кесектердин Борбордук Азиянын (Саян-Алтай) этностук чөйрөсү менен түз этностук алакаларын чагылдырары ырас. Таанымал иликтөөчү Р.Г.Кузеев «башкыр-кеселердин» тегин кыргыздардагы «кесек», тувалардагы «кезек-хуулар» уруулары менен жалпылыкта караган көз карашын айтат. Венгр изилдөөчүсү, академик Д.Немет мадярлардагы Kesz, Keszi, Keszu энчилүү аталыштарынын (этнонимдер, топонимдер) башатында түрк тилдүү уруулардын негизи жатарын белгилеген. Изилдөөчүлөр элдик фольклордун маалыматтарына, илимий иликтөөлөрдүн тыянактарына, этнонимиялык параллелдерге таянып, кесе(к) уруусунун тегинин Саян-Алтай этностук чөйрөсү менен түз байланышына токтолушат. Бул уруунун өкүлдөрү Лейлек, Баткен, Карасуу, Араван, Ноокат, Өзгөн жана башка аймактарын, Тажикстандын Жерге-Тал, Пролетар, Нау, Тоолуу Бадакшан, Афганистанды, Чыгыш Түркстанды (КЭР), Өзбекстандын Анжиян, Фергана, Жизак (Достук, Бахмал), Ташкен (Бөкө, Пушкин), Сыр- Дарыя жана башка жерлерди эзелтеден байырлашып келишет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]