Кессон

Википедия дан

Кессон (фр. caisson - ящик) - суу астында же саздак жерлерде иштөөгө ыңгайлуу жай (камера) жасоого арналган тосмо конструкция.

Формасы боюнча Кессон түбүнүн орто жеринде атайын тешиги бар, көмкөрүлгөн стаканды элестетет. Кессонду куруудагы негизги жумуш - анын ичиндеги топуракты сыртка чыгаруу жана анын ордуна бетон ж. б. төшөө. Бул үчүн стакандын түбүндөгү тешикке шлюз аппараты бекитилет. Топурак алынган сайын Кессон өз салмагы менен акырындап жер катмарына чөгө баштайт. Анын ичинде топурактын түрүнө жараша жардыруу, суу менен жуу ж. б. иштер жүргүзүлөт. Кессон темирден, жыгачтан, бетон жана темир-бетондон даярдалат да жерге кургактан, жасалма аралдан же суу үстүнөн чөгөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.