Кет Бука

Википедия дан
Кет бука‎»‎ барагынан багытталды)

Кет Букаакын, 13-кылымда жашаган. Анын өмүр сүргөн кылымын кесе айтуунун тарыхый жана фольклордук негизи бар. Анткени ал Чынгыз хандын жортуулу мезгилинде жашаган. Ал жөнүндө санжыра, уламыш, күү, легенда тарыхында жана тектеш элдердин (ногой, казак) фольклорунда ачык маалыматтар сакталып калган. Алсак эл арасында Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучунун (Жучи) өлгөнүн (ал 1227-ж. каза болот) табышмактуу ыр менен Кет Бука угузуптур деген сөз бар. Ырдын алгачкы тексти 13-кылымда кыпчак талаасынан белгисиз перс автору тарабынан жазылып алынып, “Түрктөрдүн ата-теги” аттуу жыйнакка жана араб тарыхчысы Ибн-Аль-Асирдин летописине (ал 1323-ж. каза болот) кирген. Бул чыгарманын алгачкы өзөгү 1227-ж. түзүлгөн деп так көрсөтүүгө негиз берет.

Кет Бука найман уруусунан чыккан. Эл оозунда “Өчкөн көңүлдү толкуткан улуу ырчы”, калкка кадырлуу бий, чыр-чатактын түйүнүн чечкен чечен, чоң комузчу катарында мүнөздөлөт. Перс авторунун берген маалыматына караганда, Жуучу Чыңгыз хандын балдарынын эң улуусу болуп, атасы өтө жакшы көрүп, кадырлоочу экен. Анын өлгөндүгү жөнүндө ордого кабар келгенде эч ким даап айта албай, атайын Улуг-ырчыны чакыртып келишет. Ал табышмактантып отуруп, баласынын өлгөнүн атасына туюнтат. Уулу өлгөндөн кийин алты айдан кийин Чыңгыз хан каза болот. Угузуучунун мазмунунан анын орду Дашт-Кыпчак талаасы экендиги ачык көрүнөт.

Негизинен ушул чыгармадан башат алган варианттар казак, ногой фольклорунан да катталган. Бирок, угузуучунун кыргыз фольклорунда айтылышы ногой, казак нускаларынан кескин айырмаланат. Кыргыз фольклорунан бул угузуу өз алдынча өнүккөн чыгарма катарында учурайт. Кара сөз түрүндө эки, ыр түрүндө төрт вариант болуп, ар бири идеялык-мазмуну, көркөмдүгү, стили жагынан такталып, калыптанып бүткөн чыгарма катарында жашайт. Дээрлик бардык нускада угузган ырчы Кет Бука же Бука (ногойлордо Кет Бука) аталып, өзүнүн акындык дараметинин күчтүүлүгү, комуздун муңдуу ыргагы менен оор кайгыны айта билүү, туюндуруу устаттыгы, аткаруу чеберчилиги менен окуяны Чыңгыз ханга жеткирип, өз сөзүн өзүнө оодарып, хандын каарынан, өлүм жазасынан кутулуп кетет. Чыгарманын азыркы турпатында да 13-к. кагазга түшүрүлгөн түрк ыры менен генетикалык жалпылыгы бар ыр саптарынын сакталып калышы кызыктуу факт. Бирок айрым ыр түрмөктөрүнүн түрк ырына тутумдаш айтылгандыгына карабастан, кыргыз варианттарында мааниси кеңейип, көркөмдүк-эстетикалык таасиринин арткандыгы ачык байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

?бука менен чыңгыз хандын сүйлөшүүсү