Кең-Суу (Түп району)

Википедия дан
Кең-Суу
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Ысык-Көл облусу

Таблицадагы облус

Ысык-Көл облусу

Таблицадагы район

Түп району

Тарыхы жана Географиясы
Бийиктиктиги

1760

Калкы
Расмий тили

Кыргыз тили

Калкынын саны

2338[1] (2020)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

Кыргыздар

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Телефон коду

+996

Почта индекси

722406

Автоунаа коду

09, I

Кең-СууКыргызстандын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айыл. Сан-Таш айыл аймагына кирет.

ААББТ коду ― 41702 225 865 03 0[2].

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, Түп суусунун ортоңку агымынын оң жээгинде, Түп – Каркыра автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1760 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 51 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 222 км.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

жылы 2007 2009 2020
адам. 1886 1922[3] 2338[1]

Инфратүзүмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизинен айыл тургундары мал чарбасы менен алектенет. Айылда мектеп, китепкана, медпункт, футболдук аянтча, дүкөн бар. Спорттук иш-чараларда айылдын футбол боюнча жана көк-бөрү боюнча курама командалары "Кең-Суу" аталышы менен мелдештерге катышат. Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы мектепте 530 окуучу билим алат. Ошондой эле Мусталий уулу Нуркожо ажы атындагы мечит бар.

Белгилүү инсандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Аман Саспаев (1929-2015) — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, публицист, котормочу, полиглот, сөздүк түзүү ишинин чебери.
  • Зияш Бектенов (1911-1994) — Кыргыз мамлекетинин илим тармагына салым кошкон илимпоз, тилчи, манас таануучу, педагог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, котормочу жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу.
  • Садыр Жапаров (төр. 1968) — Кыргыз Республикасынын президенти. Кумтөрдөгү алтын өндүрүүчү "Centerra Gold" компаниясынын элге зыяны чоң деп айтып чыкканы менен белгилүү.
  • Кусеин Карасаев (1901-1998) — Советтик жана Кыргызстандык лингвист, лексикограф, педагог, адабият таануучу, фольклорист.
  • Түгөлбай Сыдыкбеков (1912-1997) — Советтик жана Кыргызстандык жазуучу, Кыргыз профессионал адабиятынын патриархы, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын туңгуч баатыры, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.
  • Мыктыбек Мукаев (Мыкы) (төр. 1994) — Тамашоучу, актёр, алып баруучу, "Позитифф" командасынын оюнчусу, Жарайт сити долбоорунун актёру.
  • Мирзат Муканов (төр. 1989) — "Санжыра" радиосунун жаңылыктар бөлүмүнүн редактору, "Өзгөчө пикир", "Биздин замандын кишилери" теледолбоорунун автору, НТС каналынын диктору, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9