Киберспорт

Википедия дан
Киберспорт

Киберспорт (ошондой эле компьютердик спорт же электрондук спорт деп аталат) — видео оюндун негизинде өтүүчү курамалык же жеке мелдеш. 2019-жылдан тарта Кыргызстанда спорт түрү деп эсептелет.

Бүт киберспорттук дисциплиналар бир нече негизги класстарга бөлүнөт. Ойнотулган байге фонду бир нече миллион АКШ долларына чейин жетиши мүмкүн. Мелдештердин оюндары интернетте түз эфирде көрсөтүлөт.

Киберспорттун тарыхы «Doom 2» оюнунан башталат. 1997-жылы АКШда «Quake» оюнунун популярдуулугу үчүн туңгуч киберспортсмендер лигасы пайда болгон.