Киви сымалдар

Википедия дан
Apteryx owenii.

Киви сымалдар, канатсыздар (Apterygiformes) – жалпак төштүү куштарга жакын түркүм. Узундугу 50–80 см, салмагы 1,5–4 кг. Денеси куш жүн жана тегиз жабылган. Канаты редукцияланган , куйругу жок, буттары кыска, жоон, курч тырмактуу. Тумшугу узун, ийилген, учунда таноолору жайгашкан. Бир тукумунун (кивилер) 1 уруусу, 3 түрү Жаңы Зеландияда жашайт. Тиричилигин түнкүсүн өткөрүшөт, жыш өскөн өсүмдүк арасында жашап, уясын ийинге же дарак тамырларынын астына салат. 1–2 чоң жумуртка тууйт, аларды эркеги басып чыгарат. Курттар, курт-кумурска жана жерге түшкөн мөмө-жемиш менен азыктанат. Саны өтө азайып кеткендиктен, коргоого алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]