Киви (мөмө)

Википедия дан

Киви — Актинидия тукумундагы өсүмдөктөр сортторунун мөмөлөрүнүн аталышы.

Кивини кээде «кытай крыжовниги» жеп аташат. 2017-жылы Кытай кивинин дүйнөлүк өлчөмүнүн 50%ын өндүргөн.

Киви туурасында биринчи маалыматтар XII кылымдагы Сун династиясынын учурундагы булактарда кездешет. XX кылымдын башында кивини өстүрүү Кытайдан Жаңы Зеландияга тарап, ал жакта биринчи жолу коммерциялык максатта өстүрүлө баштаган.

Пайдалуу касиеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киви дээрлик бардык белгилүү витаминдерди камтыйт: А, В1, В2, В6, В9, С, Е, РР. Мындан тышкары, кивиде органикалык кислоталар, крахмал, тамак-аш булалары, макроэлементтер (кальций, магний, натрий, калий, фосфор, хлор, күкүрт) жана көптөгөн микроэлементтер (темир, йод, жез, марганец, фтор ж.б.) бар. Бул заттардын бардыгы кивини абдан пайдалуу жемишке айландырат.

Кивинин орто көлөмдөгү мөмөсүнүн салмагы — 75 г, эң чон мөмөсүнүн салмагы — 150 г чейин жетет.


Кивинин белгилүү сорттору

  • Hayward
  • Bruno
  • Monty
  • Abbot
  • Jenny