Кижи

Википедия дан

Кижи – Онега көлүндөгү арал (Карелия), анда Спас погостунун жыгач курулмалар комплекси (18–19-кылымдар) жайгашкан. Кижи Спас 16-кылымда бир нече аралдагы 115 кыштакты бириктирген волосттун административдик борбору. 17-кылымдын ортосунда тышкы душмандардан коргонуу үчүн күзөт мунаралуу дубал жана курчалган. Мындагы Преображенье чиркөөсүндөгү 22, Покров чиркөөсүндөгү 9 мунара өтө көркөм жасалган. 1965-ж. «Кижи» тарыхый-архитектуралык музейи уюштурулуп, 1969-ж. тарыхый-архитектуралык жана этнографиялык музей-корукка айландырылган. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]