Киллиан Мөрфи

Википедия дан

Киллиан Мөрфи (англ. Cillian Murphy; / kɪliən /; 1976- жылы 25-майда туулган) - ирландиялык сахна жана тасма актеру. 1990-жылы өз мекениндеги дебюттук көрсөтүүлөрүнөн кийин, ал британиялык жана америкалык тасмаларга тартылып, көз карандысыз жана негизги багыттагы тасмаларда катышкандыгы үчүн сынчылардын көңүлүн бурган. Ал "28 күндөн кийин" (англ. 28 Days Later, 2002) тасмасында Жимдин ролу менен, "Кара рыцарь" үчилтигинде (англ. The Dark Knight, Trilogy, 2005–12), "Кызыл көз" (англ. Red Eye, 2005), "Нур" (англ. Sunshine, 2007), "Башталыш" (англ. Inception, 2010) жана "Өткүр калканчтар" (англ. Peaky Blinders) тасмаларындагы ролдору менен белгилүү.

Мекени Корк аймагы болгон Мөрфи рок музыкант катары ырчылык кесибин баштаган. Бирок ыр жаздыруу сунушу четке кагылгандан кийин, 1996-жылы ал "Диско доңуздары" (англ. Disco Pigs) аттуу пьесада дебюттук актердук ишин баштаган. Сахнадагы көрсөтүүлөргө катышуу менен биргеликте ал көз карандысыз тасмаларда да тартылууну уланткан. Ал эми 2002-жылы "28 күндөн кийин" аттуу баатырдык тасмада тартылуудан кийин эл аралык аброю жогорулаган. Биринчиден, 2005-жылы ал көптөгөн ийгиликтерге жеткен Кристофер Ноландын "Бэтмен баштайт" (англ. Batman Begins) аттуу блокбастеринде каракчынын ролун аткаруу менен, "Кара рыцарь" жана "Кара рыцардын жандануусу" (англ. The Dark Knight Rises, 2012) жана андан кийин "Кызыл көз" тасмаларында тартылуу менен атактуулугу өсө баштаган. Ал эми "Плутодогу таңкы тамак" (англ. Breakfast on Pluto, 2005) тасмасында трансгендердик аялдын ролун аткаргандыгы үчүн "Алтын Глобус" сыйлыгынын мюзикл же комедия жанрында "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн.

Ал эми 2006-жылы Мөрфи Кен Лоуч тарткан жана "Palme d'Or" сыйлыгын жеңген "Арпаны желбиреткен сыдырым жел" (англ. The Wind That Shakes the Barley) тасмасында баш каармандын ролун аткарган. Андан соң "Нур" жана "Башталыш" тасмаларында тартылуу үчүн Бойл менен кайрадан иштешкен. Ошондой эле ал 2013-жылдан бери Би-Би-Сидеги "Өткүр калканчтар" аттуу ганстерлер тууралуу сериалда башкы ролду аткарып келет. Ошол эле учурда ал сахнада аткарууну да уланткан. 2011-жылы "Мистермен" көрсөтүүсү үчүн "Drama Desk Award" сыйлыгынын "Эң мыкты соло аткаруу" наамын жеңип алган. Мөрфи учурда жубайы жана эки баласы менен Монкстаун, Дублинде шаарында жашайт.

2011-жылы ал Ирландиянын Галвей Улуттук Университетиндеги ЮНЕСКОнун Балдарды жана Үйбүлөөнү изилдөө борборунун жетекчиси аталган. Ал UCFRC директору жана ЮНЕСКОнун Балдар, Жаштар жана Жарандык Биригүү борборунун жетекчиси Профессор Пэт Долан менен биргеликте иш алып барат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]