Ким У Бин

Википедия дан
Ким У Бин
кор. 김우빈 / англ. Kim Woo-Bin

Ким У Бин 17 июль 2014 жылда
Төрөлгөндөгү ысымы:

Ким Хён Чжун / кор. 김현중

Туулган датасы:

16 -июль 1989(1989-07-16) (34 жаш)

Туулган жери:

Сеул шаары, Түштүк Корея

Жарандыгы:

 Корея Республикасы

Кесиби:

актёр, модель, телеалпаруучу

Карьерасы:

2009 - азыркы учурда

IMDb:

ID 5311765

Ким У Бин (кор. 김우빈 / англ. Kim Woo-Bin) — 1989 жылы 16 июлда Түштүк Кореянын Сеул шаарында төрөлгөн.Кореялык модель,актёр,телеалпаруучу

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ким У Бин Сеулда төрөлгөнү менен, ата-энеси Чонжу шаарына көчүп кетип, ошол жакта чоңоюп өскөн. 14 жашынан тартып моделдикке кызыга баштаган У Бин: "Мектептин эрежеси боюнча балдар кыска чач жасалгасы менен жүрүшү керек болгон. Бирок директорго барып "мен модель болгум келет, тандоодон өтүш үчүн чачым узун болушу кажет" деп түшүндүргөн. Ошондуктан жогорку класста жалгыз У Бинге гана узун чач менен жүрүүгө уруксат беришкен. Буга классташтарынын ичи күйбөй койчу беле?. Алар У Бинди өлтүрүп салгылары келишчү болгон. Болочоктогу модель жалаң балдар окуган мектепте билим алгандыктан ал жактын тамашалары да катаал болгон. "Баары дене тарбия сабагынан кийин суусап келип класска кире баштаганда бир бала стаканга кайнак суу куюп, бууну бир саамга кетирүү үчүн үстүнө муздак суу тамчылатып, "ким суу ичкиси келет?" деп сурачу. Муну ичкенге сөзсүз бирөө табылып, оозун күйгүзүп алчу",- деп окуучу кезин эстегени бар.

Ким У Бин 2009-жылы Сеулдагы колледжге тапшырып, жатаканасында жашоо менен катардагы студенттин күнүн кечирип, акчасы жок ачка калган учурлары да болгон. "Сеулдагы оор сыноолорду досторумдун жардамы менен жеңдим. Дүкөн иштеткен досум мени ар кайсы жерлерге алып барып курсагымды тойгузчу. Ошол кезде жалгыз калсам бардык кыялымдан баш тартып, үйүмө кетип калмак болушум керек",- дейт актёр.

Кыялын орундатуу үчүн мода көргөзмөлөрүнө катышып, аз убакыт ичинде кең далысы, шыңга бою, сымбаттуу жүзүнүн жардамы менен модель чөйрөсүндө суроо-талап жогору болгон популярдуу модель болуп чыга келет. Ийгиликтүү моделге жарнамалык роликтерден сунуш түшкөндө актёрдук чеберчилигин арттыруу максатында атайын курстан өтүп, актёрдук өнөргө тартыла баштаган. Резюмесине "Кудай оорчулукту көтөрө алган адамга гана берет" деп жазып, "Ак рождество" сериалына тартылууга мүмкүнчүлүк алат. Кийин арты-артынан тасма, сериалдарга тартылып, кино дүйнөсүнө сүңгүп кирет.

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр сүйүүнү 3 нерсе – ишенич, көңүл буруу, түшүнүү сактап калат деп ишенет. Үйлөнүүгө шашылбайт, 35 жашында бойдокчулук статусу менен коштошконду туура көрөт. "Ар бир адам өзүнчө сулуу. Мага жагымдуу жылмайган кыздар жагат" деген актёр жигит кезинде модель Ю Чжи Ан менен кыз-жигит болуп жүрүп, 3 жылдан кийин кол үзүшкөн. 2015-жылы жарнамага бирге тартылган актриса Шин Мин А менен таанышып, алардын сүйүү романы ушул кезге чейин уланып келет.

Өзү тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Спирт ичимдиктердин арасынан соджуну (корейлердин арагы)гана кесиптештерим менен ичип калам. Мага мастардын арасында жүргөн атмосфера жагат. Биз модель болгондуктан өзүбүздү карашыбыз керек да. Чогулганда башында баарыбыз бир аздан ууртап, өзүбүздү чектегенге аракет кылабыз, бирок баары бир уланып кетет. Эртеси "болду, экинчи ичпейбиз" деп сөз берген абалга чейин жетебиз. Бир жума өткөндө кайрадан чогулабыз да, баары кайталанат ".

"Көбү мени динозаврга окшоштура беришчү. Жакшылап карасам чын эле окшош экенмин".

"Эгер жер шары бир сааттын ичинде жок боло турганын билсем, анда банктагы акчамдын баарын кийим алып коротмокмун".

Кызыктуу маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ким У Бин – интроверт. Досторунун арасында гана ачылып тамашалашып калат.
  • У Биндин жүзү жаңы тааныла баштаганда аны "Big Bang" тобунун солисти T.O.P`ко окшоштурушкан.
  • Бир да жолу пластикалык операция жасаткан эмес.
  • Ким У Биндин өзүнүн аты Ким Хён Чжун. Аны «SS501» тобунун солисти Ким Хён Чжун менен алмаштыра беришкендиктен продюсери менен кеңешип, каймана ат менен чыгууну туура көргөн.
  • Актёрлукка кадам таштагандан бери Ким У Биндин тапкан кирешесин ата-энеси калчайт. Ошондуктан канча акча топтоп койгонун өзү деле билбейт. Акча керек болуп калганда алардан сурап алып өзүн ыңгайсыз сезерин айткан.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]