Киндик кан укугу
Көрүнүш
Киндик кан укугу – туулгандыгына жараша жарандык алуу принциптеринин бири (бала кайсы жерде туулгандыгына карабастан ата-энесинин жарандыгын алат); дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүндө кабыл алынган К. к. у-нун 2 түрү бар. Биринчиси «үйбүлөнүн биримдиги» принцибине, б. а. үйбүлөдө эркектин башчылыгы идеясына негизденет. Бул принцип боюнча, балага атасынын жарандыгы өтөт; никеден тышкары төрөлгөн бала гана энесинин жарандыгын алат. Экинчи түрү никедеги тараптардын тең укуктуулугу идеясына негизденет, б. а. атасынын же энесинин жарандыгына артыкчылык берилбейт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7