Кинодраматургия

Википедия дан

Кинодраматургия — чыгармачылыктын адабий-кинематографиялык түрү; фильмдин адабий жана көркөм-идеялык негизи. Кино искусствосундагы сүрөттөө каражаттарынын өсүп-өнүгүшүнүн түздөн-түз таасири менен калыптанган. Кинодраматургия адабий образдуулуктун каражаттарына да ээ. Кинодраматургиянын табияты бир жагынан адабиятка, экинчи жагынан кинематографияга жакын болгондуктан, эки типтеги сценарийдин болушун шарттайт. Биринчиси — сценарий — өз алдынча көркөм чыгарма; экинчиси — болочоктогу фильмдин мазмуну менен көркөм долбоорун айкындай турган адабий материал. Кинодраматургдар кинонун, ошондой эле адабияттын көркөм каражаттарын пайдаланып, турмуш окуяларын түздөн-түз сүрөттөшөт. 20-кылымдын 10-жылдары үнсүз киносюжет, кейипкер жана түзүлүштөр көбүнчө адабий чыгармалардан алынса, 1920-жылдардын аягында проза менен драманын касиеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырган өзүнчө форма иштелип чыкты. Кинодо адамдын мүнөзүн ачуунун бир каражаты — диалог айрыкча маанилүү роль ойнойт. Кыргыз кинодраматургиясынын калыптанышына жана телчигишине кинодраматургдар К. Өмүркулов, У. Токомбаев, Ш. Апылов, К. Жусубалиев, М. Гапаров, Б. Сарыгулов, М. Сарулу, театр драматургдары М. Байжиев, Б. Жакиев, А. Жакыпбеков ж. б. активдүү катышкан. Ч. Айтматовдун чыгармалары кинодраматургиянын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]