Кинофильмди кураштыруу

Википедия дан

Кинофильмди кураштырууфильмди түзүүдөгү чыгармачылык жана техникалык процесс. Мында тартылган киноматериалдардан же кураштырма кадрдан тандоо, ылайыкташтыруу жана туура келтирүү аркылуу кураштырып кинофильм түзүлөт. Бул процесс фильмдин драматургиялык жана тема түзүлүшүнө байланыштуу болуп, анын сценарийи же киного тартуу планы менен белгиленет. Кинофильмди кураштыруу фильмдин сценарийине толук туура келип, кадрдын масштабы, эпизоддун жүрүшү, декорациянын көрүнүшү жана үндүн угулушу бири-бирине шайкеш келгендей талапта аткарылат. Кинофильмди кураштыруу төмөнкү ырааттуулукта иштелет: позитив болуп тартылган кинотасма жана фонограммалуу магнит тасмасы көрүүгө даярдалат; кинотасма бөлүк-бөлүк жабыштырылып, белги коюлат, сүрөт менен үн бири-бирине дал келтирилет. Эпизоддордун тандалып алынган дублдарынан сцена жана сюжет түзүлөт. Андан кийин кураштырылган эпизоддор фильмдин бүткүл сюжети боюнча ырааттуулук менен каралып чыгат да, керектүү жазуулары жазылат. Мурда 3—5 ммлик магнит тасмасына жазылган үн фонограммасы бир тасмага көчүрүлүп, кинофильмдин эки тасмага (бирине сүрөт түшүрүлгөн, экинчисине үн) жазылган жумушчу нускасы түзүлөт. Ал кинотасма иштетүүчү цехке берилип, ошол боюнча негатив жасалып, андан сүрөт жана фонограмма бир тасмага түшүрүлгөн позитив алынат. Бул иштер киностудиянын кураштыруучу жана үн цехтеринде аткарылат. Телефильмдер да ушундай даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]