Кино тартылуучу павильон

Википедия дан

Кино тартылуучу павильон — ичине кино тартуу үчүн атайын курулган жана жасалгаланган имарат. Ал — киностудиянын негизги өндүрүштүк бөлүгү. Анын акустикасы үндү таза жазууга мүмкүнчүлүк бериши зарыл. Кино тартылуучу павильон айнектери жок, ар кандай конструкциялардан тургузулуп, капталына жана төбөсүнө үн өткөрбөс материал менен капталат. Имараттын кино тартылуучу бөлмөсүнүн төбөсүнө декорацияны, жарык берүүчү аппаратураларды бекитүүчү механизмдер орнотулат. Павильон кичине (18×24 м2 ), орточо (21×30 м2) чоң (30×36 м2) жана өтө чоң (36×48 м2) болуп курулуп, алардын пайдалуу аянттары 150—14000 м2 жана бийиктиги 6—25 мге жетет. Каалгалары да үн өткөрбөй тургандай жасалат. Ичинде ар кандай көрүнүштөрдү (жамгыр, суу ташкыны ж. б.) жасоо үчүн суу жүргүч тармак, канализация, суу бассейндери курулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]